Последние новости



<h3>МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО:  БИШКЕКТЕ 9, ОШТО 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ   </h3>

2022-жылдын 13-декабрында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик естирлөө өткөрдү. Тестирлөөгө Бишкек шаары боюнча 15 талапкер катышып, 9 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Конкурска жалпы 19 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 16 талапкер тестке катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. 1 талапкер тестирлөөгө келген эмес. 3 талапкердин документи ...

<h3>«ОРТО МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ» ДОЛБООРУ</h3>

Кыргыз Республикасынын мектептеринде информатика предметин өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин иштеп жаткан системасына талдоо жүргүзүү максатында 2021-жылдын 25-мартынан баштап «Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин окуучулары үчүн информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо системасын иштеп чыгуу долбоору» өз ишин баштаган. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылууда. Информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо – окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн мугалимдерди стандарттарга ылайыкташтырылган куралдар менен камсыз кылат. Бул ...

<h3>МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ОШТО 55, ЖАЛАЛ-АБАДДА 39 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ</h3>

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бошкызмат орундарына компьютердик тестирлөөгө Ош облусу боюнча конкурска катышуу үчүн 208 талапкер документ тапшырып, эксперттик комиссиянын чечими менен 163 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. 45 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Тестирлөөнүн жыйынтыгында 55 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. 8 талапкер тестирлөөгө келген эмес. Ал эми Жалал-Абад облусунда өткөн сынакка 112 талапкер катышып, алардын ичинен 39 талапкер босого ...