Последние новости



<h3>МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮНӨ ДАЯРДАНУУ</h3>

2024-жылдын 13-мартынан 28-мартына чейин Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору менен тааныштыруу максатында кошумча методикалык окутуулар өткөрүлдү. Тренингдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын негизги милдеттери - мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү үчүн ...

<h3>МЕКТЕП ДИРЕКТОРУН ТАНДОО СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮ МЕХАНИЗМДЕРИ</h3>

2024-жылдын 13-мартынан баштап 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мектеп директорлорун тандоо сынагынын механизмдери жана мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүнүн тартиби боюнча билим берүүнүн аймактык органдарынын жетекчилери, адистери жана мектеп директорлору үчүн методикалык жардам жана окуулар жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине конкурстук тандоонун максаттары жана милдеттери түшүндүрүлдү. ...

<h3>ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО</h3>

Кыргызстанда педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабы боюнча берилген документтерге экспертиза башталды. Документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билимберүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө. Буга чейин, 2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө педагогдордун арыздарын санариптик каттоо жөнүндө аймактык билим берүүнү башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына билдирүү жөнөтүлгөн. ...