Вернуться

25/11/22 18:38

Нарын, Ысык-Көл облустарында директорлорду тандоо сынагы



Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөгө Нарын облусу боюнча конкурска катышуу үчүн 46 талапкер документ тапшырып, эксперттик комиссиянын чечими менен 36 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. 10 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Тестирлөөнүн жыйынтыгында 13 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү.

Ал эми Ысык-Көл облусунда өткөн сынакка 25 талапкер катышып, алардын ичинен 7 талапкер босого баллдан өттү. Алгач конкурска катышуу үчүн 39 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 12 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Эки талапкер сынакка келген эмес.


В компьютерном тестировании на вакантные должности руководителей государственных и муниципальных общеобразовательных организаций, которое проводилось Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий, приняли участие 36 претендентов. Всего по Нарынской области подали документы 46 кандидатов. Документы 10 кандидатов не соответствовали требованиям. В результате тестирования 13 кандидатов прошли пороговый балл с показателем выше 60%.

По Иссык-Кульской области приняли участие 25 кандидатов, из них 7 прошли пороговый балл. Всего для участия в конкурсе документы подали 39 кандидатов. По решению экспертной комиссии документы 12 кандидатов не соответствовали требованиям. Два кандидата не явились на экзамен.


<h3>Нарын, Ысык-Көл облустарында директорлорду тандоо сынагы</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: