Последние новости
Бишкек шаарынан 32, Баткен облусунан 5, Жалал-Абаддан 14, Чүйдөн 15, Нарындан 13, Таластан 3, Оштон 33 жана Ысык-Көл облусунан 5 талапкер босого баллдан ийгиликтүү өттү. 2023-жылдын 4-5-апрель күндөрү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү. Республика боюнча сынакка жалпы 376 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 315 талапкер сынакка катышууга жолдомо алышса, 61 катышуучунун документтери талапка ...