Вернуться

05/12/22 23:22

«ОРТО МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ» ДОЛБООРУ



Кыргыз Республикасынын мектептеринде информатика предметин өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин иштеп жаткан системасына талдоо жүргүзүү максатында 2021-жылдын 25-мартынан баштап «Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин окуучулары үчүн информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо системасын иштеп чыгуу долбоору» өз ишин баштаган.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылууда.

Информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо – окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн мугалимдерди стандарттарга ылайыкташтырылган куралдар менен камсыз кылат. Бул инструмент мыкты билим алууга умтулган, натыйжалуу чечим кабыл алууну өздөштүргөн, жыйынтыгында билимин андан ары жогорулатууга жана карьера курууга умтулган мыкты даярдыктагы окуучулардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Бул максатта, информатика боюнча баалоо – катуу мазмун стандарттарын камсыз кылат; өркүндөтүлгөн технологиялары бар тапшырмалардын түрлөрүн камтыган компьютердик суммативдик баалоо. Мындай баалоо окуучулар үчүн стандарттарда бекитилген информатиканын мазмуну жана практикасы боюнча өз билимдерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Баалоонун максаты – окуучулардын санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин баалоо жана долбоордун иш-аракеттеринин аркасында информатика боюнча конкреттүү компоненттердин деңгээлин аныктоо. Баалоонун жыйынтыгы менен улуттук деңгээлдеги деталдуу маалыматтар берилет.


ПРОЕКТ "РАЗРАБОТКА СИСТЕМЫ ОЦЕНКИ ЦИФРОВЫХ НАВЫКОВ ПО ИНФОРМАТИКЕ ДЛЯ УЧАЩИХСЯ СРЕДНЕЙ ШКОЛЫ"

Для развитии и популяризации информатики в школах КР, а также для анализа существующей системы Министерством образования и науки с 25 марта 2021 года началась реализация проекта "Разработка системы оценки цифровых навыков по информатике для учащихся средней школы Кыргызской Республики".

Проект реализуется с Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий Министерства образования и науки (НЦОКО) при поддержке в Всемирного Банка.

Оценка цифровых навыков (ОЦН) по информатике предоставит преподавателям согласованные со стандартами инструменты для поддержки обучения и улучшения обучения учащихся, что приведет к более информированному принятию решений и более качественному обучению и, в конечном итоге, к увеличению числа учащихся, которые хорошо подготовлены к колледжу и карьере. С этой целью оценка по информатике предусматривает строгие стандарты содержания; компьютерные суммативные оценки, в которых используются типы заданий с улучшенными технологиями, которые предоставляют учащимся возможность продемонстрировать свои знания как с содержанием, так и с практикой по информатике, описанной в стандартах.

Цель оценки – определить уровень цифровых навыков учащихся и установить степень владения навыками конкретных компонентов по информатике, благодаря деятельности Проекта. В результате этой оценки будут получены подробные данные на национальном уровне.

<h3>«ОРТО МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ» ДОЛБООРУ</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: