Последние новости
2023-жылдын 15-майынан 24-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-май №2275/1 буйругунун негизинде "Баалоо" улуттук программасы өткөрүлөт. Ага Кыргыз Республикасынын 200 жалпы билим берүү уюмдарынын 4-8-класстарынын окуучулары катышат. Кыргыз Республикасында "Баалоо" улуттук программасын Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору өткөрүүдө. Изилдөөнү жүргүзүү үчүн 4 жана 8-класстардын окуучулары тандалып алынган. Алар окутуунун үч тилинде: кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде тест тапшырышат. "Баалоо" улуттук программасынын багыттары болуп математика, ...