Последние новости



<h3>Ош шаары боюнча 16 талапкер босого баллдан өтүштү.  (2-айлампа)</h3>

Бүгүн, 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынынжетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү. Тестирлөөгө 27 талапкер катышып, анын ичинен 16 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Конкурска катышуу үчүн Ош шаары боюнча жалпы 42 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 30 талапкертестке катышууга чакыруу алышкан. 3 талапкер сынакка келген жок. Ал эми 12 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Белгилей кетсек, Ош ...

<h3>Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү «1.4-компоненти: Окуу процессинин натыйжаларын өлчөө тутумун жакшыртуу» боюнча тааныштыруу семинарын өткөрдү.</h3>

2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүнсапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (1.4-компоненти: Окуу процессинин натыйжаларын өлчөө тутумун жакшыртуу) PISA-багытталган жана стандартташтырылган тесттиктапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча семинар өткөрдү. Семинарга 50дөн ашык тест түзүүчүлөр жана эксперттер катышты. Эл аралык компаниянын колдоосу менен ББСБМТУБда тесттик тапшырмалардын банкы түзүлөт. Тесттапшырмалары функционалдык сабаттуулуктун деңгээлин баалоо системасы катары, окуучулардын окуу, математика жана табигый илимдер боюнча реалдуу маселелерди чечүү (PISA тесттик тапшырмаларына окшош) үчүн ...

<h3>Ош облусу боюнча 108 талапкер босого баллдан өтүштү.  (2-айлампа)</h3>

2022-жылдын 7-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жанамаалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 3 нөөмөт менен компьютердик тестирлөө өткөрдү. Тестирлөөгө 310 талапкер катышып, анын ичинен 108 талапкер 60%данжогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Конкурска катышуу үчүн Ош облусу боюнча жалпы 408 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 332 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. 22 талапкер сынакка келген эмес. Ал эми 76 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. ...