Вернуться

28/09/22 19:00

Директорлорду тандоо: Талас облусу боюнча 45 талапкер босого баллдан өтүштү. (2-айлампа)


27-сентябрда Талас мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү.

Конкурска Талас облусу боюнча жалпы 109 талапкер документ тапшырып, алардын ичинен эксперттик комиссиянын чечими менен 96 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. Ал эми 3 талапкер тестке келген эмес. 13 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган.

Конкурстун жыйынтыгында тестке катышкан 93 талапкердин ичинен 45 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Эскерте кетсек, Талас облусу боюнча ваканттык орундардын саны - 38.

Ваканттык орундары бар мектептердин тизмеси: https://edu.gov.kg/posts/763/


27 сентября в Таласском государственном университете Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий проводился компьютерное тестирование на вакантные должности руководителей государственных и муниципальных общеобразовательных организаций.

По Таласской области всего на конкурс подали документы 109 кандидатов. По решению экспертной комиссии 96 кандидатов были приглашены для участия в тестировании, из них 3 кандидата не явились. Документы 13 кандидатов не соответствовали требованиям.

По итогам конкурса из 93 кандидатов пороговый балл преодолели 45 кандидатов с показателем выше 60%.

Напоминаем, что количество вакантных мест по Таласской области - 38.

Список школ с вакантными местами: https://edu.gov.kg/posts/763/


<h3>Директорлорду тандоо: Талас облусу боюнча 45 талапкер босого баллдан өтүштү. (2-айлампа)</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: