Вернуться

21/09/22 18:14

Жалал-Абад облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы


Жалал-Абад облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөгө 212 талапкер катышып, алардын ичинен 54 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Жалал-Абад облусу боюнча конкурска катышуу үчүн 269 талапкер документ тапшырып, эксперттик комиссиянын чечими менен 221 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. Алардын ичинен 2 талапкер тестке катышуудан баш тартса, 7 талапкер тестке келген эмес.

Ал эми 48 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган.


В компьютерном тестировании на вакантные должности руководителей государственных и муниципальных общеобразовательных организаций, который проводился Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий, приняли участие 212 кандидатов, из них 54 прошли пороговый балл с показателем выше 60%.

По Джалал-Абадской области для участья в конкурсе подали документы 269 кандидатов. По решению экспертной комиссии из них 221 кандидатов получили приглашение для участия в тестировании. 2 кандидата отказались, не явились на тестирование 7 кандидатов.

Документы 48 кандидатов не соответствовали требованиям.
<h3>Жалал-Абад облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: