Вернуться

16/11/22 16:32

4-8-класстардын окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктерине улуттук баалоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү (НООДУ-2023)


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 11-ноябрдагы №2283-1 буйругунун негизинде 4-8-класстардын окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктерине улуттук баалоо жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууну баштады.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору (ББСБМТУБ) 2023-жылы өтө турган окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерине улуттук баалоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча оператору болуп аныкталган. 2022-жылдын 15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк банкынын “Келечек үчүн билим” долбоорунун каржылык колдоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору окуу жана түшүнүү, математика, табият таануу предметтери боюнча тесттик тапшырмаларды түзүүчүлөр жана иштеп чыгуучулар үчүн окуу семинарын өткөрүүдө. Семинарга Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 60га жакын тест түзүүчүлөр чакырылган.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борборунун негизги максаты – жалпы билим берүүчү мектептердин 4-8-класстарынын окуучуларынын билими, көндүмдөрү жөнүндө так жана пайдалуу маалыматтарды берүү. Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган бул маалыматтар Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча мугалимдер тарабынан жаңы компетенциялар катары, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери тарабынан чечимдерди кабыл алуу үчүн, иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген стратегиялык пландаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

НООДУнун баалоо куралдары – бул тесттер (кагаз жана компьютердик түрдө), ошондой эле окуучулар, мектеп администрациясы, мугалимдер жана ата-энелер үчүн түзүлгөн анкеталар. Баалоонун куралдары социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү да баалоочу атайын бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Изилдөөнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында стратификацияланган (катмарланган) тандоонун негизинде өткөрүү пландаштырылууда.


Подготовка и проведение национального оценивания образовательных достижений учащихся 4 и 8 классов (НООДУ- 2023)

Министерство образования и науки Кыргызской Республики, на основании приказа №2283-1 от 11 ноября 2022 года начал подготовку по разработке тестовых заданий для Национального оценивания образовательных достижений учащихся 4 и 8 классов (НООДУ- 2023).

Оператором подготовки и проведения НООДУ в 2023 году Министерством образования и науки определен Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий (НЦОКОИТ).

С 15 – по 17 ноября 2022 года в Бишкеке проводится семинар-тренинг для разработчиков тестовых заданий по чтению и пониманию, математике и естественно-научным предметам при финансовой поддержке проекта Всемирного банка Кыргызской Республики «Образование для будущего». На семинар приглашены около 60 разработчиков по разным предметам из государственных и частных школ.

Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий своей основной задачей ставит предоставление четкой и полезной информации о знаниях, навыках и способностях учащихся 4 и 8 классов общеобразовательной школы, которые могут быть использованы учителями в качестве формирующихся компетенций, а также для стратегического планирования, основанного на фактических данных для принятия решений Министерством образования и науки и работниками образования по повышению качества образования в Кыргызской Республике.

Инструменты НООДУ – тесты (в бумажной и компьютерной версии), а также анкеты для учащихся, для администрации школ, учителей и родителей. Инструмент оценивания будет включать отдельную часть по оцениванию социально-эмоциональных навыков.

Исследование планируется провести на основе стратифицированной выборки по всей территории Кыргызской Республики.
<h3>4-8-класстардын окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктерине улуттук баалоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү (НООДУ-2023)</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: