Вернуться

10/11/22 22:59

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү “PISA-багытталган жана стандартташтырылган тесттерди иштеп чыгуу жана талдоо” аталышындагы семинар өткөрдү



2022-жылдын 31-октябрынан 9-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү PISA-багытталган жана стандартташтырылган тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча онлайн семинар өткөрдү. Семинарга 60тан ашуун билим берүүнүн сапатын баалоо тармагындагы адистер, башталгыч класстардын мугалимдери жана математика, орус тили жана кыргыз тили предметтери боюнча негизги мектептин мугалимдери катышты.

Семинарды Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун билим сапатын баалоо борборунун жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, эл аралык эксперт Ковалева Галина Сергеевна жетектеди. Семинардын жүрүшүндө ар бир предмет боюнча тесттик тапшырмалардын программасы менен спецификациясы иштелип чыкты. Программага ылайык 5-8-класстардын окуучулары үчүн тесттик тапшырмалардын банкы түзүлөөрү аныкталды. Тест тапшырмалары функционалдык сабаттуулуктун деңгээлин баалоо системасы катары, окуучулардын окуу, математика жана табигый илимдер боюнча реалдуу маселелерди чечүү (PISA тесттик тапшырмаларына окшош) үчүн колдонгон билимдерин, көндүмдөрүн баалоого багытталды.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тесттик тапшырмалардын банкын Бишкек шаарынын атайын тандалып алынган мектептеринде апробациялоодон өткөргөндөн кийин өлкө боюнча колдонуучуларга онлайн жана оффлайн режиминде дистанттык баалоо кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген электрондук платформага жайгаштырат.

Төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат алаласыздар: https://www.ncokoit.kg/index.php?page=18

*******************************************

С 31 октября по 9 ноября 2022 года Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий Министерства образования и науки Кыргызской Республики и Департамент реализации проектов Всемирного банка провели онлайн-семинар по разработке PISA ориентированные и стандартизированные тестовые задания. В семинаре приняли участие более 60 специалистов в области оценки качества образования, учителя начальных классов, математики, русского языка, кыргызского языка, географии, физики, химии и биологии.

Семинар проходил под руководством руководителя центра оценки качества образования Института стратегии развития образования Российской академии образования, кандидата педагогических наук, международного эксперта Ковалевой Галины Сергеевны. В ходе семинара была разработана программа и спецификация тестовых заданий по всем предметам. Согласно программе будет создан банк тестовых заданий для учащихся 5-8 классов. Тестовые задания будут ориентированы на оценку способностей учащихся использовать свои знания и навыки в области чтения, математики и естественных наук для решения реальных задач (тест, подобный PISA), как система диагностики уровня функциональной грамотности.

НЦОКОИТ разместит банк заданий на электронную платформу и предоставит пользователям по всей стране возможность использовать дистанционный сервис по оцениванию в режиме онлайн и оффлайн после проведения апробации в специально отобранных школах города Бишкек.

Подробная информация доступна по следующей ссылке:

https://www.ncokoit.kg/index.php?page=18

<H3>Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү “PISA-багытталган жана стандартташтырылган тесттерди иштеп чыгуу жана талдоо” аталышындагы семинар өткөрдү</H3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: