Вернуться

26/10/22 17:06

Баткен облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы



Бүгүн, 22-октябрда Баткен мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү. Тестирлөөгө 151 талапкер катышып, анын ичинен 52 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Конкурска катышуу үчүн Баткен облусу боюнча жалпы 205 талапкер документ тапшырып, алардын ичинен эксперттик комиссиянын чечими менен 162 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. 11 талапкер келген эмес. 43 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган.

Белгилей кетсек, буга чейин 21-сентябрда өтө турган Баткен облусундагы диреторлордун сынагы (2-айлампа) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле.


<h3>Баткен облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: