Вернуться

26/10/22 16:59

Директорлорду тандоо: Бишкек шаарында өткөн сынакта 60 талапкер босого баллдан өттү



2022-жылдын 21-октябрында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү. Тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Бишкек шаары боюнча конкурска катышуу үчүн 127 талапкер документ тапшырып, эксперттик комиссиянын чечими менен 82 талапкер тестке катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын ичинен 3 талапкер тестке келген эмес. Ал эми 45 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган.

Андан сырткары, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош ваканттык орундарга жалпы 11 талапкер документ тапшырып, анын ичинен 10 талапкер тестке катышууга чакыруу алса, 1 талапкердин документи талапка жооп бербейт деп табылган. Тестирлөөгө 9 талапкер катышып, 1 талапкер келген эмес. Тестке катышкан 9 талапкер тең 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүшкөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мектептер боюнча ваканттык орундардын саны – 16 болсо, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттары боюнча ваканттык орундардын саны – 6.

*******************************************************

21 октября 2022 года в Кыргызском государственном университете имени Ишеналы Арабаева Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий проводился компьютерное тестирование на вакантные должности руководителей государственных и муниципальных общеобразовательных организаций Всего в конкурсе приняли участие 79 претендентов, а пороговый балл преодолели 51 кандидатов с показателем выше 60%.

По городу Бишкек всего на конкурс подали документы 127 претендентов. По решению экспертной комиссии 82 претендента были приглашены для участия в тестировании, из них 3 кандидата не явились. Документы 45 претендентов не соответствовали требованиям.

Кроме этого, всего 11 претендентов подали документы на вакантные должности в специальных и специально-вспомогательных школах-интернатах Чуйской, Нарынской областей и города Бишкек. Из них 10 претендентов получили приглашение к участию в тестировании, а документ 1 кандидата не соответствовал требованиям. В тестировании приняли участие 9 претендентов, не явился – 1. Все 9 претендентов прошли пороговый балл с показателем выше 60%.

Напоминаем, что количество вакантных мест в общеобразовательных школах города Бишкек – 16, а количество мест в специальных вспомогательных школах-интернатах Чуйской и Нарынской областей и города Бишкек – 6

<h3>Директорлорду тандоо: Бишкек шаарында өткөн сынакта 60 талапкер босого баллдан өттү  </h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: