Вернуться
03/12/24 17:26
344 ТАЛАПКЕР БЕЛГИЛЕНГЕН БОСОГО БАЛЛДЫ АШТЫ
Вторник, 3 декабрь 2024 г. в 15:19
Республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкан 344 талапкер белгиленген 50 % босогодон өтүштү, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 63;
- Чүй облусунда – 23;
- Талас облусунда – 10;
- Ысык-Көл облусунда – 38;
- Нарын облусунда – 20;
- Ош шаарында – 14;
- Ош облусунда – 70;
- Жалал-Абад облусунда – 60;
- Баткен облусунда – 46.
Сынакка катышуу үчүн республика боюнча жалпысынан 577 документ катталган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 467 (80,9%) документ тестирлөөгө катышууга уруксат алды, 110 (19,1%) документ жободогу белгиленген талаптарга жооп бербейт деп табылды.
Тесттин жыйынтыгы боюнча сынакка катышкан 449 талапкердин ичинен 344 талапкер 50%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Бул катышуучулардын жалпы санынын 76,6 % түздү.
Эскерте кетсек, республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ваканттык орундардын саны – 747 болчу.
*****************************************************************
344 КАНДИДАТА ПРЕОДОЛЕЛИ УСТАНОВЛЕННЫЙ ПОРОГОВЫЙ БАЛЛ
344 кандидата, принявших участие в конкурсе на вакантные должности руководителей дошкольных образовательных организаций по республике, преодолели установленный порог в 50%, в том числе: в
- городе Бишкеке – 63;
- Чуйской области – 23;
- Таласской области – 10;
- Иссык-Кульской области – 38;
- Нарынской области – 20;
- городе Ош – 14;
- Ошской области – 70;
- Джалал-Абадской области – 60;
- Баткенской области – 46.
Всего для участия в конкурсе зарегистрированы 577 документов. По итогом проведенной экспертизы 467 (80,9%) документов получили допуск к тестированию, 110 (19,1%) документов в связи с несоответствием к установленным требованием отклонены.
По результатом тестирования из 449 претендентов, принявших участие в конкурсе, 344 кандидата преодолели пороговый балл с показателем выше 50%. Это составило 76,6% от общего числа участников.
Общее количество вакантных мест в дошкольных образовательных организациях по республике было – 747.
Автор: