Вернуться

19/11/24 21:52

ПОВЫШЕНИЕ КВАЛИФИКАЦИИ УЧИТЕЛЕЙ ПО ИННОВАЦИОННОЙ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ ПРАКТИКЕ

Вторник, 19 ноябрь 2024 г. в 10:52
С 14 по 16 ноября 2024 года прошло обучение на семинаре-тренинге учителей г. Бишкек, специалистов районных отделов образования Чуйской области и преподавателей государственного университета имени И. Арабаева, которые занимаются непосредственно педагогическими практиками студентов.
Семинар был организован Департаментом развития качества образования при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики. В соответствии письма Министерства науки и высшего образования Российской Федерации в лице Федерального государственного бюджетного учреждения «Центр развития образования и международной деятельности («Интеробразование» - далее Центр)» от 15.03.2024 года №66/1 в Министерство образования и науки Кыргызской Республики.
Центр реализует Программу повышения качества базового образования в странах СНГ, АЗИИ и Африки (далее Программа). Глобальной целью раеализации Программы является достижение четвертой цели (ЦУР4), принятой в 2015 году в рамках Повестки устойчивого развития до 2030 года. В рамках реализации Программы в Российской Федерации и в партнерских странах Центр занимается разработкой и внедрением перспективных инструментов оценки качества образования, а также наращиванием и продвижением национальных экспертов в международном сообществе.
Основным докладчиком был Алексей Борисович Воронцов, к.п.н., профессор МГПУ, основатель школы “Развивающее обучение” г. Москвы и.о. ректора педагогического института федеральной территории “Сириус”. Его помощница видеооператор Валуллина Регина Фаритовна руководила при съемке и монтаже видео работы участников в малых группах.
Участники семинара ознакомились актуальными проблемами образовательного процесса в школах, что образовательный процесс продолжает строиться в школах вне деятельности самого ребенка, учебный материал осваивается детьми на формальном (репродуктивном) уровне, учебная мотивация крайне низкая, до учебно-предметных компетентностей (когда знание превращается в средство решения новых задач) доходит незначительное количество выпускников начальной школы.
Проектная идея семинара заключалась в освоении методологии SAM в ходе проектирования и реализации системы предметных задач в образовательном процессе.
Результатами и продуктом деятельности по итогам семинара-тренинга были набор учебных предметных задач, описание технологии инновационной педагогической практики, ориентированной на реализацию компетентностного подхода в образовании, конкретно в школах и их применение на практике.
Участники семинара работали в малых группах, работы групп снимались на видео за 40 минут, после того, каждая группа ознакомилась с видео и их решение с разных ракурсов, проводилось обсуждение. Из 40 минутного видео делали (двое участников из каждой группы) монтаж на 5 минутное видео, где было показано как группа решила поставленную педагогическую задачу.
Главным итогом семинара-тренинга стал описание технологии и методики построения образовательного процесса, который позволяет формировать учебно-предметные компетентности у учащихся. И результаты на уровне понимания должны получиться во всех предметах образовательного цикла школы за счет реализации технологии деятельностной педагогики.
Департамент развития качества образования при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики пожелала успехов участникам семинара с большой надеждой, что они будут использовать и распространят полученные знания и навыки в своей работе и повлияют на повышение качества образования на местах.
****************************************************************
ИННОВАЦИЯЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА БОЮНЧА МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ
2024-жылдын 14-ноябрынан 16-ноябрына чейин Бишкек шаарынын мугалимдери, Чүй облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин студенттеринин педагогикалык практикасы менен түздөн-түз иш алып барган окутуучулары үчүн окуу семинары өткөрүлдү.
Семинар Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси тарабынан сунушталган («Интеробразование» - мындан ары Борбор) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 66/1 «Билим берүүнү жана эл аралык ишмердүүлүктү өнүктүрүү борбору» катына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулган.
Борбор КМШ, АЗИЯ жана Африка өлкөлөрүндө базалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) ишке ашырат. Программанын глобалдык максаты 2015-жылы кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибинин алкагында төртүнчү максатка (ЦУР4) жетүү. Программаны Россия Федерациясында жана өнөктөш өлкөлөрдө ишке ашыруунун алкагында Борбор билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн перспективдүү инструменттерди иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, ошондой эле эл аралык коомчулукта улуттук эксперттерди калыптандырып жайылтууда.
Негизги баяндаманы Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Москвадагы “Өнүктүрүү билим берүү” мектебинин негиздөөчүсү, «Сириус» федералдык аймагынын педагогикалык институтунун ректорунун милдетин аткаруучу, п.и.к., Алексей Борисович Воронцов болду. Анын жардамчысы видеооператор Валуллина Регина Фаритовна видео тасмаларды тартууда жана монтаж жасоодо топторго жетекчилик кылды.
Семинардын катышуучулары окуу процесси баланын өзүнүн ишмердүүлүгүнөн тышкары курулуп, окуу материалын балдар формалдуу (репродуктивдүү) деңгээлде өздөштүрүп, билим берүү мотивациясы өтө төмөн болуп, башталгыч класстын аз сандагы бүтүрүүчүлөрү гана окуу-предметтик компетенттүүлүккө жетип жаткан (билим жаңы маселелерди чечүү каражатына айланганда) мектептеги окуу процессинин актуалдуу көйгөйлөрү менен таанышышты.
Семинардын долбоордук идеясы билим берүү процессинде предметтик тапшырмалар системасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда SAM методологиясын өздөштүрүү болгон.
- Семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүктүн натыйжалары болуп окуу предметтеринин топтому, билим берүү тармагында, атап айтканда мектептерде компетенттүүлүк мамилени ишке ашырууга багытталган инновациялык педагогикалык практиканын технологиясын жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу болду.
- Семинардын катышуучулары чакан топтордо иштешти. Ар бир топтун иши 40 мүнөттүк видеого тартылып, топтор видеотасма менен таанышып, алардын ар кандай өңүттөн чечилиши менен таанышып, талкуу жүрдү. 40 мүнөттүк видеотасмадан ар бир тайпадан эки катышуучу 5 мүнөттүк видеого монтаж жасап, топтун педагогикалык маселени кантип чечкенин көрсөттү.
Семинар-тренингдин негизги жыйынтыгы окуучулардын билим берүү жана предметтик компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк берген окуу процессин куруунун технологиясын жана методикасын баяндоо болду.
Ал эми түшүнүү деңгээлиндеги жыйынтыктар мектептин окуу-тарбия циклинин бардык предметтери боюнча ишмердүүлүккө негизделген педагогикалык технологияны ишке ашыруу аркылуу алынышы керек.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти семинардын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, алган билим-билгичтиктерин өз ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү колдонушуп жана жайылтышып, билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө таасир этишет деп чоң ишеним билдирет.
<h3>ПОВЫШЕНИЕ КВАЛИФИКАЦИИ УЧИТЕЛЕЙ ПО ИННОВАЦИОННОЙ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ ПРАКТИКЕ</h3> Вторник, 19 ноябрь 2024 г. в 10:52


Автор:
Поделитесь этой новостью: