Вернуться

25/10/24 17:26

МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ

Четверг, 24 октябрь 2024 г. в 15:28
Бүгүн, 2024-жылдын 24-октябрында, Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин Индустриялдык – педагогикалык колледжинде Ош шаарынан, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 30 мугалим ыктыярдуу аттестациянын 2-чи этабына, анын ичинен 4 мугалим - жогорку, 10 – биринчи жана 16 – экинчи квалификациялык категорияларды жактоого катышты.
Тестирлөөнүн натыйжасында мугалимдердин жетишүүсү боюнча көрсөткүчтөрү белгиленген босого баллга жооп берген жок, бирок аттестацияга катышкандардын арасынан 10% мугалимдер босого баллга 1 же 2 суроодон эле жетишпей калгандыгы орун алды, ошону менен бирге тестирлөөгө катышкан мугалимдердин даярдыгы салыштырмалуу мурдагы этаптарга караганда 2-3 % жогорулагандыгы аныкталды. Бул тесттирлөөдө 50% ашык мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгү (билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актылары, IT - технологиялары ж. б.) боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишти.
Алсак, тармактар боюнча жүргүзүлгөн талдоо төмөнкүлөрдү көрсөттү:
 Педагогика жана психология тармагы боюнча 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө – 7,
60-70 баллга чейин – 7,
30-60 баллга чейин – 16 мугалим жетишти;
 Кесиптик компетенттүүлүк (билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актылары, IT - технологиялары ж. б.) тармагы боюнча 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө жетишкендер – 15,
60-70 баллга чейин – 8,
30-60 баллга чейин – 7 мугалим жетишти;
 Предметтик компетенттүүлүк (кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдогу маалыматка ылайык тиешелүү квалификация боюнча предметтик компетенттүүлүк, предметти окутуунун методикасы ж.б.) 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө жетишкендер - 6,
60 - 70 баллга чейин – 4,
30 – 60 баллга чейин – 20 мугалим жетишти.
Эскерте кетсек, бул аттестациянын башталышы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору) электрондук порталында 2024-жылдын 1-августунан 2024-жылдын 16-августуна чейин мугалимдердин (аттестация боюнча) квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн санариптик портфолиосунун катталган, ошондой эле 2024-жылдын 16-августунан 11-сентябрына чейин мугалимдердин санариптик портфолиолоруна экспертиза жүргүзүлгөн жана мугалимдердин электрондук даректерине экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө маалымат өз убагында жеткирилген.
Жалпы республика боюнча аттестациялоонун I-этабынан 2024-жылдын 3-кварталында мугалимдердин ыктыярдуу аттестациялоосуна 262 (100%) мугалим документтерин тапшырган. Анын ичинен 78 (29%) мугалимдин документтери экспертизадан жактырылып, Ош жана Бишкек шаарларына тестирлөөгө чакырылган.
<h3>МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ</h3> Четверг, 24 октябрь 2024 г. в 15:28


Автор:
Поделитесь этой новостью: