Вернуться
25/10/24 17:12
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ
Четверг, 24 октябрь 2024 г. в 11:41 2024-жылдын 16-октябрынан 18-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - ББСӨД) (мурдагы ББСБМТУБ) Россия Федерациясынын CICED (билим берүүнү өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык борбору) менен бирдикте Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин «Билим берүүнү жана эл аралык ишмердүүлүктү өнүктүрүү борбору («Интеробразование») Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси тарабынан сунушталган окутуу тренингин Бишкек шаарындагы математика жана орус тили мугалимдери үчүн өткөрдү.
CICED КМШ, Азия жана Африка өлкөлөрүндө базалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу программасын (мындан ары-Программа) ишке ашырат. Программанын глобалдык максаты 2015-жылдан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибинин алкагында кабыл алынган төртүнчү максатка (ЦУР4) жетүү. Программаны Россия Федерациясында жана өнөктөш өлкөлөрдө ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында Департамент менен чогуу билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн керектүү курал камтымдарын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, ошондой эле эл аралык коомчулукта улуттук эксперттердин топтомун калыптандырууну жайылтууда.
2024-жылы CICED борборунун изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп заманбап дүйнөдө адам потенциалын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү баалоо темалары боюнча эл аралык изилдөөлөр эсептелет. Бул сынчыл ой жүгүртүү, компьютердик сабаттуулук жана салттуу предметтик жана мета-предметтик компетенциялар сыяктуу жумшак көндүмдөрдү камтыйт. Изилдөө педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар менен коштолот. Мындай семинарлардын бири Бишкек шаарында 16-18-октябрь күндөрү Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.
Семинар-тренингдин ачылышына катышып, сөз сүйлөштү:
- КР Билим берүү жана илим министринин орун басары М.У.Касымалиев,
- РФ CICEDдин директору А.А.Неверов,
- ББСӨДнын директору Б.С.Шамшидинова.
Бишкек шаарындагы математика жана орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу төмөнкү программалар боюнча өттү:
1. ««Орус тили» предметинин материалынын негизинде башталгыч мектептен негизги мектепке өтүүнү уюштуруу».
2. «SAM методологиясынын негизинде математика предмети боюнча 5-класска өтүү модулу».
Бишкек шаарындагы семинардын катышуучулары:
- жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстарына орус тили предмети боюнча сабак берген 20 мугалим;
- жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстарына математика предмети боюнча сабак берген 20 мугалим;
- департаменттин кызматкерлери.
Семинар өткөрүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасында CICEDдин төмөнкү курал камтымдары аркылуу изилдөө жүргүзүүгө даярдык көрүлүп келген:
- математикалык сабаттуулук SAM (school achievements’ monitoring) боюнча окуучулардын окуу жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү;
- тил сабаттуулугу SAM (school achievements’ monitoring) боюнча (орус тили) окуучулардын окуудагы жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү;
- сынчыл ой жүгүртүү боюнча тест жана ал боюнча анкета жүргүзүү;
- 9-класстар үчүн маалыматтык-коммуникациялык сабаттуулук (МКТ) боюнча окуучулардын окуу жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү.
Бардык курал камтымдары кыргыз тилине которулуп, адаптациялоодон жана кыргыз, орус тилдеринде кош экспертизадан өткөн.
2024-жылдын 17-октябрынан 23-октябрына чейин Бишкек шаарындагы мектептерде жогоруда аталган курал камтымдар боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөгө тандалып алынган 22 мектептен 3100 окуучу катышты.
5-класстын окуучулары математика, орус тили, сынчыл ой жүгүртүү боюнча тесттен өтүп, сурамжылоого катышышат.
Математика боюнча – 600 окуучу орус тилинде жана 600 окуучу кыргыз тилинде тест тапшырышты. Жалпысынан 1200 окуучу.
Орус тили боюнча – 600 окуучу (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда);
Сынчыл ой жүгүртүү боюнча – орус тилинде 300 жана кыргыз тилинде 300 окуучу. Бардыгы болуп 600 окуучу катышты.
9-класстын 700 окуучусу, анын ичинен 350 (окутуу орус тилинде) жана 350 (окутуу кыргыз тилинде), «Маалыматтык жана коммуникация сабаттуулугу» боюнча тест тапшырышты.
Бул изилдөөнү өткөрүү үчүн 22 мектеп координаторлору жана 11 тест администратору тартылып, Департаментте атайын окутуудан өткөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгында окуучулардын тест натыйжаларынын матрицасы россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан атайын программанын жардамы менен андан ары иштеп чыгуу жана талдоо үчүн Россия Федерациясынын CICED борборуна (Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык борбору) жөнөтүлөт.
2025-жылдын башында изилдөөнүн натыйжалары боюнча аналитикалык отчет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине таанышуу үчүн сунушталат жана изилдөөгө катышкан бардык билим берүү уюмдары окуучулардын жыйынтыгы менен тааныша алышат.
******************************************************************
ПОВЫШЕНИЕ КВАЛИФИКАЦИИ УЧИТЕЛЕЙ
г. БИШКЕК
Департамент развития качества образования (далее ДРКО) Министерства образования и науки Кыргызской Республики (бывший - НЦОКОИТ) совместно с CICED (Центром международного сотрудничества по развитию образования ) в лице Федерального государственного бюджетного учреждения «Центр развития образования и международной деятельности («Интеробразование») Министерство науки и высшего образования Российской Федерации с 16 октября по 18 октября 2024 года провел семинар- тренинг по повышению квалификации учителей математики и русского языка в г. Бишкек.
CICED реализует Программу повышения качества базового образования в странах СНГ, АЗИИ и Африки (далее Программа). Глобальной целью реализации Программы является достижение четвертой цели (ЦУР4), принятой в 2015 году в рамках Повестки устойчивого развития до 2030 года. В рамках реализации Программы в Российской Федерации и в партнерских странах Центр занимается разработкой и внедрением перспективных инструментов оценки качества образования, а также наращиванием и продвижением национальных экспертных групп в международном сообществе.
В 2024 году главными направлениями научно-исследовательской деятельности CICED считается проведение международных исследований по тематикам оценки навыков, необходимых для успешной реализации человеческого потенциала в современном глобальном мире. К ним относятся мягкие навыки, такие как критическое мышление, креативность, компьютерная грамотность и традиционные предметные и метапредметные компетенции. Исследование будет сопровождаться мероприятиями по повышению квалификации педагогических работников. Один из таких семинаров состоялся с 16 по 18 октября в г. Бишкек участием представителей России и Кыргызской Республики.
На открытии семинара-тренинга выступили:
- заместитель министра образования и науки КР М.У. Касымалиев,
- директор CICED РФ А.А. Неверов,
- директор ДРКО Б.С. Шамшидинова.
Повышение квалификации учителей математики и русского языка в г. Бишкек прошел по следующим программам:
1. "Организация перехода из начальной школы в основную на материале предмета «Русский язык»".
2. "Переходный модуль по математике в 5 классе, разработанный на основе методологии SAM".
В семинаре по повышению квалификации учителей участвовали:
- русский язык - 20 учителей, преподающих в 5- классах общеобразовательной школы;
- математика - 20 человек, преподающих в 5 - классах общеобразовательной школы (кыргызским и русским языками обучения) и сотрудники департамента;
До проведения семинара шла подготовка к проведению исследования в Кыргызской Республике следующих инструментов CICED:
- мониторинг учебных достижений школьников SAM (school achievements’ monitoring) по математической грамотности;
- мониторинг учебных достижений школьников SAM (school achievements’ monitoring) по языковой грамотности (русский язык);
- критическому мышлению и анкетирование по нему;
- информационно –коммуникационной грамотности (ИКТ) для 9-класса.
Все инструменты переведены на кыргызский язык, адаптированы и прошли двойную экспертизу на кыргызском и русском языке.
С 17 по 23 октября 2024 года проходит исследование по вышеназванным инструментам в школах города. Принимают участие в исследовании 3100 учащихся из 22 отобранных школ г. Бишкек.
5 классы проходят тестирование по математике, русскому языку, критическому мышлению и участвуют в анкетировании.
Математика – 600 учащихся с русским и 600 с кыргызским языками обучения. Всего 1200 учеников.
Русский язык – 600 учащихся (с русским языком обучения);
Критическое мышление – 300 учащихся с русским и 300 с кыргызским языками обучения. Всего 600 учеников.
700 учащихся 9 классов, это 350 (с русским языком обучения) и 350 (с кыргызским языком обучения), проходят тестирование по «Информационно-коммуникационной грамотности».
На проведения этого исследования задействованы 22 школьных координаторов и 11 тест администраторов, которые в департаменте прошли обучения.
По завершении исследования матрица ответов учеников будут отправлены в CICED (Центр международного сотрудничества по развитию образования) РФ для дальнейшей обработки и анализа по специальной программе, которая разработана российскими учеными для этих инструментов.
Аналитический отчет по результатам исследования будут презентованы в Министерстве образования и науки Кыргызской Республики для ознакомления. В начале 2025 года все общеобразовательные организации получат результаты учеников, участвовавших в исследовании.
Автор: