Вернуться
17/10/24 19:31
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Бүгүн, 2024-жылдын 17-октябрында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынан келген 44 мугалим ыктыярдуу аттестациянын 2-этабына катышты.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-августунан 16-августуна чейин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору) электрондук порталында квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн мугалимдердин (аттестация боюнча) санариптик портфолиосу катталган, ошондой эле 2024-жылдын 16-августунан 11-сентябрына чейин мугалимдердин санариптик портфолиолоруна экспертиза жүргүзүлгөн жана педагогдордун электрондук даректерине экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө маалымат өз убагында жеткирилген.
Жалпы республика боюнча аттестациялоонун I-этабынан 2024-жылдын 3-кварталында мугалимдердин ыктыярдуу аттестациялоосуна 262 (100%) мугалим документтерин тапшырган. Анын ичинен 78 (29%) мугалимдин документтери экспертизадан жактырылып, экинчи этапка – тестке чакырылган.
Алсак,
• Каралган арыздардын жалпы саны: 262 (100%)
• Экспертизадан өткөн арыздардын саны: 78 (29%)
• Экспертизадан өтпөй калган арыздардын саны: 184 (71%)
Мугалимдердин квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын ичинен экспертизадан өткөн 78 мугалимдин арасынан 10 – жогорку квалификациялык категория, 27 – биринчи квалификациялык категория жана 41 – экинчи квалификациялык категорияларга берилгенин көрсөттү:
Алсак,
• Мугалимдердин жалпы саны/Квалификациялык категорияларга берилген арыздардын жалпы сандык көрсөткүчтөрү: 78 (100%)
• Жогорку квалификациялык категория: 10 (13 %)
• Биринчи квалификациялык категория: 27 (35%)
• Экинчи квалификациялык категория: 41 (52%)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен экинчи квалификациялык категорияны ыйгарууга аттестациялануучуларды тестирлөөнүн жалпы босого баллынын деңгээли 70 баллдан төмөн эмес, биринчи квалификациялык категория 75 баллдан төмөн эмес жана жогорку квалификациялык категория максималдуу баллдан 80 баллдан төмөн эмес деп көрсөтүлгөн талабы бекитилген.
Бүгүнкү тестке катышкан мугалимдердин билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү жана профессионалдык стандартта белгиленген компетентүүлүктөрүнүн деңгээлдери боюнча төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
Алсак, тармактар боюнча талдоо төмөнкүлөрдү көрсөттү:
Педагогика жана психология тармагы боюнча:
• 70 баллдан жогору көрсөткүчкө – 9 (21 %);
• 60-70 балл – 16 (36 %);
• 25-60 баллга чейин – 19 (43 %) мугалим жетишти.
Кесиптик компетенттүүлүк(билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актылары, IT - технологиялары ж. б.) тармагы боюнча:
• 70 баллдан жогору көрсөткүчкө – 18 (41 %);
• 60-70 балл – 18 (41 %);
• 35-60 баллга чейин – 8 (18 %) мугалим жетишти.
Предметтик компетенттүүлүк (кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдогу маалыматка ылайык тиешелүү квалификация боюнча предметтик компетенттүүлүк, предметти окутуунун методикасы ж.б.):
• 70 баллдан жогору көрсөткүчкө – 8 (18 %);
• 60-70 балл – 7 (16 %);
• 30 – 60 баллга чейин – 29 (66 %) мугалим жетишти.
Бүгүнкү тесттин жыйынтыгы менен төмөнкү 2 мугалим топтогон баллдардын негизинде билдирилген экинчи квалификациялык категорияларын тастыктады:
1. Асанакунова Нуржан Эсеналиевна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын № 3 Жылкыайдар уулу Тилекмат аке атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты сабагынын мугалими;
2. Тентекова Мадина Жаныбековна, Бишкек шаарындагы “Билимкана” жалпы орто мектебинин англис тили сабагынын мугалими.
Жакында, 2024-жылдын 24-октябрында, Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин Индустриялдык – педагогикалык колледжинде (Ош шаарында Гапар Айтиев көчөсү) Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын 32 аттестациялануучулары үчүн тест жүргүзүү пландаштырылганын маалымдайбыз.
***Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин
(Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору) Педагогикалык кызматкерлерди тесттен өткөрүү бөлүмүнүн башчысы: Умралиева Самаргул Кыдырмаевна
Автор: