Вернуться

18/05/24 16:53

АЛТЫН ТАМГА 2024


Жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен ийгиликтүү өздөштүргөн, жалпы орто билими жөнүндөгү «Алтын тамга» артыкчылык документин алууга талапкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнүн «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы (мындан ары ЖМА) стандартташтырылган тест формасында өткөрүлдү.

«Алтын тамга» ЖМАнын максаты:

  • артыкчылык менен жалпы орто билими жөнүндө документ алууга талапкердин билим деңгээлин көз карандысыз баалоо жана аныктоо;
  • Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасын, мамлекеттик билим берүү стандартын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Талапкерлер «Алтын тамга» ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышат: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы жана химия.

Тест жүргүзүү 2024-жылдын 14-майында республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 талапкер катышты.

«Алтын тамга» сынагынын жыйынтыктарын баалоо жана талаштуу маселелерди чечүү боюнча бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн техникалык комиссия (мындан ары – ТК) түзүлөт. Апелляцияга арыз талапкер тарабынан онлайн жана оффлайн форматта таризделет. Ошондой эле талапкер апелляция өтүүчү жерге өзү келип арыз жаза алат. Ал жерде талапкердин алдында эксперттик комиссия техникалык апелляция өткөрөт.

«Алтын тамга» тесттинин жыйынтыгы боюнча апелляция 17-майдан 19-майга чейин жүргүзүлөт.

Райондук (шаардык) комиссиялар талапкерге жер-жерлерде арызды электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө көмөк көрсөтөт, мында аты-жөнү, тест өткөрүү пункттары, окутуунун предмети жана окутуу тили милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Апелляция графикке ылайык ТКнын төрагасынын атына жазылган талапкердин арызына ылайык жүргүзүлөт. ТК талапкердин катышуусу менен да, анын катышуусуз да иш алып барууга укуктуу.

Апелляция жүргүзүүдө ТК компьютердик жана кол менен текшерүүнүн шайкештигин аныктоо максатында талапкердин жооп барагынын түп нускасын жана тапшырмалардын ачкычтарын сурайт. Талапкердин арызын кароонун натыйжасы протоколго түшүрүлүп, ТКнын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

Предметтик тесттердин мазмуну боюнча апелляция жүргүзүлбөйт.

18-май, саат 14-00 гө карата офлайн – 85 арыз, онлайн-63 арыз катталган. Бардыгы болуп 148 арыз. Каралганы - 55 арыз.

Эскерте кетсек, ТК 18-май саат 17:00гө чейин, 19-май саат 10:00дөн саат 17:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында апелляциялык арыздарды карайт.


Итоговая государственная аттестация (далее ИГА) выпускников 11 класса общеобразовательных организаций Кыргызской Республики, успешно освоивших общеобразовательную программу среднего общего образования с отличием, претендующих на получение документа о среднем общем образовании с отличием «Алтын тамга» проводится в форме стандартизированных тестов.

Целью проведения ИГА «Алтын тамга» является:

  • независимая оценка и установление уровня знаний претендента на получение документа о среднем общем образовании с отличием;
  • разработка рекомендаций по усовершенствованию системы школьного образования, государственного образовательного стандарта школьного общего образования Кыргызской Республики.

Претенденты сдают ИГА «Алтын тамга» по 4-м обязательным учебным дисциплинам: математика, родной язык и литература, история Кыргызстана и химия.

Тестирование прошло 14 мая 2024 года в 36 пунктах по всей стране. Приняли участие 2211 претендентов.

Для обеспечения соблюдения единых требований оценивания результатов теста «Алтын тамга» и разрешения спорных вопросов создается техническая комиссия (далее ТК). Заявление на апелляцию оформляется претендентом в онлайн и оффлайн формате. Также претендент может лично прийти на место проведения апелляции и написать заявление, где при претенденте экспертная комиссия проведет техническую апелляцию. С 17 мая по 19 мая проводится апелляция по результатам Алтын тамга.

Районные (городские) комиссии оказывают содействие претенденту на местах направить заявление по электронной почте, при этом обязательно указывается фамилия, имя, отчество, пункта проведения тестирования, предмет и язык обучения.

Апелляция проводится согласно заявлению претендента, оформленного на имя председателя ТК согласно графику. ТК имеет право работать как с участием претендента так и без его участия.

При проведении апелляции ТК запрашивает оригиналы листа ответа претендента, ключи к заданиям с целью установления соответствия баллов компьютерной и ручной обработки. Результат рассмотрения заявления претендента оформляется протокольно и подписывается членами ТК.

Апелляция по содержанию предметных тестов не проводится.

На 18 мая к 14-00 подано оффлайн – 85 заявлений, онлайн – 63. Всего 148 заявлений. Рассмотрено – 55 заявлений.

ТК рассматривает заявления апеллянтов с 18 мая до 17 00, 19 мая с 10-00 до 17-00 в здании Министерства образования и науки.

<h3>АЛТЫН ТАМГА 2024</h3>


Автор: Zharkyn Ibraimova
Поделитесь этой новостью: