Вернуться

28/03/24 02:04

МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮНӨ ДАЯРДАНУУ


2024-жылдын 13-мартынан 28-мартына чейин Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору менен тааныштыруу максатында кошумча методикалык окутуулар өткөрүлдү.
Тренингдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын негизги милдеттери - мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп эсептелет.
Республика боюнча бул окуутуларга жалпысынан 300дөн ашык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу адистер, мектептин директорлору, мугалимдери оффлайн форматында, ал эми ар бир региондо бул окутууларга онлайн түрүндө да педагогикалык кызматкерлер катыша алышты.
Педагогикалык кызматкерлерге 2024-жылдын I-кварталында өткөрүлгөн ыктыярдуу аттестацияда жалпы 312 санариптик партфолио каралып чыккан. Анын ичинен 255, тактап айтканда 83% партфолионун сынактын экинчи баскычы – тестирлөөгө жолдомо алалбай калгандыгынын себептери айтылып, анын мехнизмдери боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.
Учурда мугалимдердин ыктыярдуу аттестациядан өтүүсү үчүн жеңил шарттар түзүлгөндүгү белгиленди. Алсак, мугалимдер бир дагы билим берүү органдарынан, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен же дагы башка жооптуу адистерден көз карандысыз, өз ыктыяры менен аттестациядан өтүшсө болот. Маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда мугалимдер аттестациялоого керектүү документтерди санариптик портфолиого жүктөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп келишет.
Тесттик суроолордун курамында IT технологияларына мүнөздүү татаал суроолор эмес, компьютерди колдоно билүүдөгү эң жөнөкөй көндүмдөр тууралуу суроолор камтылган. Жогорку окуу жайын аяктаган ар бир жаран эң жөнөкөй бул көндүмдөрдү билүүсүндө шек жок. Алсак, күнүмдүк иш алып барууда Word, Ecxel сыяктуу программаларда кантип иштөө керектиги, аларды ачуу, сактоо функциялары жана электрондук кат жазуу, аны жөнөтүү ыкмалары менен колдонуп жүрөбүз.
Ал эми укуктук нормалар тууралуу суроолордун бардыгы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына гана тиешелүү балдардын укуктары (“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы, мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттар, окуу программалары), мугалимдин укуктары, кесиптик жана IT компетенциялары, ошондой эле предметтер боюнча кыргыз тили жана адабияты, кыргыз географиясы, кыргыз тарыхы ж.б.у.с суроолор каралган жана тесттик суроолрдун бардыгы дыкаттык менен экспертизадан өткөрүлүп тесттик базага киргизилген.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 17-февралында Бишкек жана Ош шаарларында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө өткөрүлгөн. Тестирлөөгө 56 мугалим катышып, алардын документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган. Алардын ичинен Баткен районундагы Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктаган.
<h3>МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮНӨ ДАЯРДАНУУ</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: