Вернуться

28/03/24 02:01

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУН ТАНДОО СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮ МЕХАНИЗМДЕРИ


2024-жылдын 13-мартынан баштап 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мектеп директорлорун тандоо сынагынын механизмдери жана мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүнүн тартиби боюнча билим берүүнүн аймактык органдарынын жетекчилери, адистери жана мектеп директорлору үчүн методикалык жардам жана окуулар жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине конкурстук тандоонун максаттары жана милдеттери түшүндүрүлдү. Бул билим берүү системасында кадрларды тандоо боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын, жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордуна коюлган кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоону өнүктүрүү болуп саналат.
Тренингдин катышуучуларына конкурска коюлган талаптар тууралуу маалыматтар айтылты.
Директор кызматына дайындоо боюнча сыноо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтсак, конкурстун жыйынтыгы боюнча 6 айлык сыноо мөөнөтү менен жетекчилик кызматка бекитилээри, андан тышкары, бир эле адам бир эле мектепте жалпысынан 10 жылдан ашык жетекчилик кызматты аркалай албастыгы айтылды. Ошондой эле, сыноо мөөнөтү бүтө элек мектеп жетекчилери конкурска 1 жылдан кийин гана катыша алаары билдирилди.
Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылындагы конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен республика боюнча 1084 мектеп директору дайындалды.
Учурда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына документтер кабыл алынууда. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жана талаптары тууралуу кененирээк төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот: https://ncokoit.kg/index.php?page=84
<h3>МЕКТЕП ДИРЕКТОРУН ТАНДОО СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮ МЕХАНИЗМДЕРИ</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: