Вернуться

18/01/24 17:44

ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО


Кыргызстанда педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабы боюнча берилген документтерге экспертиза башталды.

Документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, 2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө педагогдордун арыздарын санариптик каттоо жөнүндө аймактык билим берүүнү башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына билдирүү жөнөтүлгөн.

Санариптик каттоонун жыйынтыгы боюнча учурда 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде шаарлар боюнча: Бишкек - 11, Ош - 17, облустар боюнча: Баткен - 26, Жалал-Абад - 56, Ысык-Көл - 43, Ош – 96, Талас - 29, Нарын - 30 жана Чүй - 17.

Аттестациялоонун биринчи этабы республиканын педагогдорунун ыктыярдуу аттестациядан өтүүсү үчүн санариптик портфолионун квалификациялык категорияларга ылайыктуулугун экспертизалоону камтыйт. Мугалимдер экспертизага документтерди "Мугалимдин өзүн-өзү баалоосу" жана "Мугалимдин санарип портфолиосу" санарип форматында катташты.

Аттестациялануучуларды аттестациялоонун кийинки этабына - тестирлөөгө киргизүү - аттестациялануучунун санариптик портфолиосунун квалификациялык категория ыйгарууга билдирилген талаптарга ылайык келүүсүнө экспертизанын жыйынтыгы менен гана билдирилет.

Тестирлөөнүн датасы жана орду тууралуу билдирүү кошумча жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, аттестация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана 2023-жылдн 4-августундагы №390 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Анда мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу деп белгиленет:

- экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;

- биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;

- жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.


Начата экспертиза документов по первому этапу добровольной аттестации педагогов в Кыргызстане.

Экспертиза документов осуществляется экспертной комиссией, сформированной Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий Министерства образования и науки Кыргызской Республики

Ранее, в период с 14 по 27 декабря 2023 года, Министерством образования и науки Кыргызской Республики было направлено уведомление территориальным органам управления образования и общеобразовательным организациям о начале цифровой регистрации заявлений педагогов на прохождение добровольной аттестации.

По результатам цифровой регистрации поступило 325 заявлений, в том числе по городам: Бишкек - 11, Ош - 17, по областям: Баткенской - 26, Жалал-Абадской - 56, Иссык-Кульской - 43, Таласской - 29, Ош - 96, Нарынской - 30 и Чуйской - 17.

Первый этап аттестации включает проведение экспертизы цифрового портфолио для прохождения педагогами республики добровольной аттестации на соответствие квалификационным категориям. Педагоги зарегистрировали документы на экспертизу в цифровом формате “Самоооценка учителя” и “Цифровое портфолио учителя”.

Информируем, что допуск аттестуемых к следующему этапу аттестации, к тестированию, будет осуществляться только по результатам экспертизы цифрового портфолио аттестуемого на соответствие требованиям заявленной на присвоение квалификационной категории.

Уведомление о дате и месте проведения тестирования будет направлено дополнительно.

Напомним, что аттестация проводится в соответствие с постановлениями Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 июня 2022 года № 351 «Об утверждении Положения о порядке проведения аттестации учителей общеобразовательных организаций Кыргызской Республики» и «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке проведения аттестации учителей общеобразовательных организаций Кыргызской Республики" от 24 июня 2022 года № 351» от 04 августа 2023 года № 390, где отмечается, что учителя имеют право на прохождение аттестации на добровольной основе для получения следующих квалификационных категорий:

- учитель второй квалификационной категории;

- учитель первой квалификационной категории;

- учитель высшей квалификационной категории.

<h3>ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: