Вернуться

12/12/23 15:43

МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО


Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык техналогиялардын улутук борбору Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерин ыктыярдуу аттестациялоо боюнча даярдык көрүү, өткөрүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Республика боюнча райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу адистерине, мектеп директорлоруна, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмүндөрүнө чыгарылган буйруктары тууралуу жана аттестациялоонун эрежелери боюнча онлайн конференция өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жооптуу кызматкерлер дайындалып, мугалимдерге маалыматтар жеткирилди.
Ошондой эле, ыктыярдуу аттестациянын алкагында райондук/шаардык билим берүү бөлүмүндөрүнүн усулчулары үчүн санариптик (видео) сабакты баалоонун критерийлери жана жол-жоболору тааныштырылды. Баалоо 3-этаптан тураары баса белгиленип, баалоо критерийлери, процедуралары жана техникалык талаптары талкууланды. Санариптик сабакты (видеосабакты) баалоону Рай/ШаарББ алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин методисттери жүргүзөөрү жана сабактын сапаты боюнча жоопкерчилик аларга жүктөлөөрү белгилүү болду. Сабактар “Баалоо Апп” электрондук тиркемесине жүктөлгөндөн кийин, методисттер 5 күндүн ичинде сунушталган критерийлерди колдонуу менен сабакка байкоо жүргүзүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, ыктыярдуу аттестациялоонун максаты - мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
Аттестация төмөнкү квалификациялык категорияларды ыйгаруу үчүн жүргүзүлөт:
- экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.
<h3>МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО </h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: