Вернуться
Директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы
Директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы
Бишкек шаарынан 20, Ош шаарынан 1,
Баткен облусунан 13, Жалал-Абаддан 33, Чүйдөн 27, Нарындан 3, Таластан 6, Оштон 44 жана Ысык-Көл облусунан 15 талапкер босого баллдан ийгиликтүү өттү.
2023-жылдын 28-февраль жана 1-март күндөрү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрдү.
Тестирлөө Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын талапкерлери үчүн борбор калаадагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын талапкерлери үчүн Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.
Республика боюнча сынакка жалпы 514 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 431 талапкер сынакка катышууга жолдомо алышса, 87 катышуучунун документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Тестирлөөгө 405 талапкер катышып, 26 талапкер келген эмес. Сынактын жыйынтыгында 162 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Бул көрсөткүч жалпы катышуучулардын 40% түзөт.
Эске салсак, республика боюнча ваканттык орундардын саны – 285 болчу.
Итоги конкурса директоров
20 кандидатов из города Бишкек, 1
из города Ош, 13 из Баткенской области, 33 из Жалал-Абадской, 27 из Чуйской, 3
из Нарынской, 6 из Таласской, 44 из Ошской и 15 из Иссык-Кульской областей
успешно преодолели пороговый балл.
С 28 февраля по 1 марта 2023 года
Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
провел компьютерное тестирование на вакантные должности руководителей
государственных и муниципальных общеобразовательных организаций.
Тестирование проводилось в
Кыргызском государственном университете имени Ишеналы Арабаева для кандидатов
из Чуйской, Таласской, Нарынской, Иссык-Кульской областей и города Бишкек, а
для кандидатов из Ошской, Жалал-Абадской, Баткенской областей и города Ош – в
Ошском государственном университете.
Всего для участия в конкурсе по республике
подали документы 514 кандидатов. Решением экспертной комиссии 431 претендентов
были приглашены к участию в тестировании, документы 87 претендентов не
соответствовали требованиям. В тестировании приняли участие 405 кандидатов. Не
явились – 26. По итогам конкурса 162 кандидата преодолели пороговый балл с
результатом выше 60%. Этот показатель составляет 40% от общего числа
участников.
Количество вакантных мест по республике
было – 285.