Вернуться

22/11/22 15:19

Чүй, Талас облустарында өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы



Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөгө Чүй облусу боюнча 84 талапкер катышып, алардын ичинен 37 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Конкурска катышууга 108 талапкер документ тапшырып, эксперттик комиссиянын чечими менен 86 талапкер тестке катышууга чакыруу алышкан. Алардын ичинен 2 талапкер тестке келген эмес. 22 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган.

Талас облусунда өткөн сынакка 26 талапкер катышып, алардын ичинен 14ү босого баллдан өттү. Алгач конкурска катышуу үчүн 34 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 7 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган. Бир талапкер сынакка келген эмес.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда жалпы орто билим берүүчү мектептер боюнча ваканттык орундардын саны – 58 болсо, Талас облусунда – 14.


В компьютерном тестировании на вакантные должности руководителей государственных и муниципальных общеобразовательных организаций, которое проводилось Национальным центром оценки качества образования и информационных технологий, по Чуйской области приняли участие 84 кандидатов, из них 37 прошли пороговый балл с показателем выше 60%.

По Чуйской области 108 кандидатов подали документы для участия в конкурсе. По решению экспертной комиссии 86 кандидатов получили приглашение для участия в тестировании. Два кандидата не явились на тестирование. Документы 22 кандидатов не соответствовали требованиям.

В конкурсе, проведенном в Таласской области, приняли участие 26 кандидатов, из них 14 прошли пороговый балл. Изначально для участия в конкурсе документы подали 34 кандидата. По решению экспертной комиссии документы 7 кандидатов не соответствовали требованиям. Один кандидат не явился на тестирование.

Напоминаем, что в общеобразовательных школах Чуйской области было 58 вакантных мест, в Таласской области – 14.

<h3>Чүй, Талас облустарында өткөн директорлорду тандоо сынагынын жыйынтыгы</h3>

ncokoit.kg


Автор:
Поделитесь этой новостью: