Вернуться

13/10/22 15:20

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү «1.4-компоненти: Окуу процессинин натыйжаларын өлчөө тутумун жакшыртуу» боюнча тааныштыруу семинарын өткөрдү.



2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (1.4-компоненти: Окуу процессинин натыйжаларын өлчөө тутумун жакшыртуу) PISA-багытталган жана стандартташтырылган тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча семинар өткөрдү. Семинарга 50дөн ашык тест түзүүчүлөр жана эксперттер катышты.

Эл аралык компаниянын колдоосу менен ББСБМТУБда тесттик тапшырмалардын банкы түзүлөт. Тест тапшырмалары функционалдык сабаттуулуктун деңгээлин баалоо системасы катары, окуучулардын окуу, математика жана табигый илимдер боюнча реалдуу маселелерди чечүү (PISA тесттик тапшырмаларына окшош) үчүн колдонгон билимдерин, көндүмдөрүн баалоого багытталган.

Тесттик тапшырмалар төмөнкү предметтер жана багыттар боюнча иштелип чыгат:

- 5-класс, математика, окуу, табият таануу
- 6-класс, математика, окуу, география, биология
- 7-класс, математика, окуу, география, биология, физика
- 8-класс, математика, окуу, география, биология, физика, химия.

Стандартташтырылган тесттик тапшырмалар окуучулардын билимин баалоо, көзөмөлдөө жана кемчиликтерди оңдоо системасы катары төмөнкү предметтер боюнча иштелип чыгат:

- 4-класс, математика, мекен таануу, эне тили жана окуу

- 8-класс, математика, география, биология, физика, химия, эне тили жана адабий окуу.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тесттик тапшырмалардын банкын өлкө боюнча колдонуучуларга онлайн жана оффлайн режиминде дистанттык баалоо кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген электрондук платформага жайгаштырат.

****************************************************

Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий МОН КР и Отдел реализации проектов Всемирного банка МОН КР (компонент 1.4: Улучшение системы измерения результатов учебного процесса.) 11 октября 2022 года провел установочный семинар с разработчиами и экспертами по разработке PISA – ориентированных и стандартизированных тестовых заданий. На семинаре приняли участие более 50 разработчиков и экспертов.

При поддержке международной компании НЦОКОИТ МОН КР будет создан банк тестовых заданий. Тестовые задания, ориентированные на оценку способностей учащихся использовать свои знания и навыки в области чтения, математики и естественных наук для решения реальных задач (тест, подобный PISA), как система диагностики уровня функциональной грамотности. Тесты будут разработаны по следующим учебным предметам и направлениям

- 5 класс, математика, чтение, естествознание
- 6 класс, математика, чтение, география, биология
- 7 класс, математика, чтение, география, биология, физика
- 8 класс, математика, чтение, география, биология, физика, химия.


Стандартизированные тесты как система диагностики, коррекции пробелов и контроля знаний учащихся будут разработаны по следующим учебным предметам и классам:

- 4 класс, математика, родиноведение, родной язык и чтение

- 8 класс, математика, география, биология, физика, химия, родной язык и литература

НЦОКОИТ разместит банк заданий на электронную платформу и предоставит пользователям по всей стране возможность использовать дистанционный сервис по оцениванию в режиме онлайн и оффлайн.

<h3>Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору жана Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү «1.4-компоненти: Окуу процессинин натыйжаларын өлчөө тутумун жакшыртуу» боюнча тааныштыруу семинарын өткөрдү.</h3>


Автор:
Поделитесь этой новостью: