Последние новости

РОЛЬ ИСКУССТВЕННОГО ИНТЕЛЛЕКТА В НАЦИОНАЛЬНОМ И КЛАССНОМ ОЦЕНИВАНИИ

Представители Национального центра оценки качества образования и информационных технологий приняли участие в 7-м ежегодном мероприятии FLIP+ на тему «Роль искусственного интеллекта в националь ном и классном оценивании», которое состоялось в Лиссабоне (Португалия) с 19 по 21 июня 2024 года, где присоединились к ведущим международным экспертам и организациям в области оценки образования, для обсуждения последних инновации, проблем и возможностей. На мероприятии были представлены опыт электронного оценивания, которым поделились институты-члены и рабочие группы FLIP+, а также интерактивные сессии, ...

АЛТЫН ТАМГА 2024

Жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен ийгиликтүүөздөштүргөн, жалпы орто билими жөнүндөгү «Алтын тамга» артыкчылык документин алууга талапкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнүн «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы (мындан ары ЖМА) стандартташтырылган тест формасында өткөрүлдү. «Алтын тамга» ЖМАнын максаты: артыкчылык менен жалпы орто билими жөнүндө документ алууга талапкердин билим деңгээлин көз карандысыз баалоо жана аныктоо; Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасын, мамлекеттик билим берүүстандартын өркүндөтүү боюнча сунуштарды ...

МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮНӨ ДАЯРДАНУУ

2024-жылдын 13-мартынан 28-мартына чейин Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору менен тааныштыруу максатында кошумча методикалык окутуулар өткөрүлдү. Тренингдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын негизги милдеттери - мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү үчүн ...

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУН ТАНДОО СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮ МЕХАНИЗМДЕРИ

2024-жылдын 13-мартынан баштап 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мектеп директорлорун тандоо сынагынын механизмдери жана мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүнүн тартиби боюнча билим берүүнүн аймактык органдарынын жетекчилери, адистери жана мектеп директорлору үчүн методикалык жардам жана окуулар жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине конкурстук тандоонун максаттары жана милдеттери түшүндүрүлдү. ...

ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО

Кыргызстанда педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабы боюнча берилген документтерге экспертиза башталды. Документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билимберүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө. Буга чейин, 2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө педагогдордун арыздарын санариптик каттоо жөнүндө аймактык билим берүүнү башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына билдирүү жөнөтүлгөн. ...